• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде инвесторлорго зор мүмкүнчүлүктөр бар - АКШ элчиси

Аймак 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушту. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Шейла Гуолтни алгач А.Халмурзаевди жана Баткен элин ыйык орозо айы менен куттуктап, мындан 17 жыл мурда Баткенге иш сапары менен келгенин, андан бери аймак ар тараптан өнүккөнүн көрүп кубангандыгын билдирди. Ошондой эле, Баткен облусунун өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарына кызыкты.

Ал эми А.Халмурзаев өз сөзүндө элчинин бул кызматка келгенге чейин деле Кыргыз-Америка мамилелеринин тереңдешине жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, алгачкы ирет жолугуп, таанышканы үчүн кубанычта экенин билдирди. Ошондой эле, 25 жылдык тарыхы бар Кыргызстан АКШ мамлекеттеринин эки тараптуу кызматташуусу мындан ары да активдүү уланаарына ишенээрин билдирди.

Ошондой эле, кен байлыктарга бай жана экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүргөн облуста кайра иштетүү багытында инвесторлорго зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Аны менен катар Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандан бери аймакта өндүрүлгөн продукцияны сыртка экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, башка өлкөлөр менен соода алакасын чыңдоо багытында жумуштар жакшы жолдо баратканын айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Шейла Гуолтни Баткен облусунун кошуна мамлекеттер менен достук мамилесине, ар тараптуу тыгыз карым катнашына кубанычта экенин жашырбады. Ал эми соода экономикалык, гидроэнергетика, туризм багытында облустун өнүгүү мүмкүчүлүгү кеңири экенине ынангандыгын билдирди.

Ал ошондой эле АКШ Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформаларды колдоорун кошумчалап, өкүл Абиш Халмурзаевге Америка мамлекетинин кооз жаратылышы жөнүндө китебин белек кылды.

Жолугушуу соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча тыгыз байланышта иш алып баруу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий