• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде ири көлөмдөгү бензин аткезчилиги колго түштү

Аймак 0

Бишкек, 28.08.17. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя айылында чек арачылар аткезчилик жолу менен 255,3 миң сомдук бензинди алып чыгууга аракет кылган жаранды кармашты.

КРнын Чек ара кызматынын берген маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасында кыргыз жараны О.С.Ш башкаруусундагы кыргыз номерлүү “Мерседес-Бенц 1520 OL” үлгүсүндө унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда: жалпы көлөмү 7 миң 400 литр бензин табылып, товарды эч кандай документи жок, Баткен облусунун аймагынан алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан.

Айдоочунун айтымына караганда, товар аткезчилик жолу менен Тажикстанга сатуу үчүн алынып бараткан.

Учурда керектүү документтер чогултулуп, Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий