• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде ири өлчөмдө күкүрт кислотасын сатып жаткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Баткенде күкүрт кислотасынын ири өлчөмдөгү партиясын сатуу менен алектенүүчү кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынан билдиришкендей, КР Жазык кодексинин 269-беренесенин (Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш амалдарынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунан күкүрт кислотасын сатуу учурунда 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.

Кармалган жарандын мыйзамсыз жүгүртүүсүнөн 1 тонна 833 килограммды түзгөн күкүрт кислотасы алынган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий