• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде ишкерди коркутуп, акча опузалаганга шектелгендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Баткенде ишкерди коркутуп, акча опузалаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 29-июнда Баткендин Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын Х.М., аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 27-июнда Умар аттуу жаран жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен айына 500 доллардан берүүсүн талап кылып, коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Опузалап акча талап кылуу”) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары Кадамжай районунун 36 жаштагы А.А., жана мурда соттолгон 36 жаштагы А.А., аттуу тургундар кармалган.

Шектүү жарандар айылдардын биринде 16 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалышкан. Шектүүлөр Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий