• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде ишкерлер 66 млн сом жеңилдетилген насыя алышты. Кайда кайрылуу керек?

Экономика 0

Бишкек 16.08.22. /Кабар/. Баткен облусунда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча 93 ишкерге 66 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансы каражаттары айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрү үчүн жеңилдетилген пайыздык ставка боюнча, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъекттерине берилет.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 11-августуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 93 ишкердик субъекттерине 66 млн сом суммасына каржылоо насыялары берилген

"Долбоордун алкагында кредиттик каражаттарды алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн потенциалдуу зайымчылар Баткен облусунда жайгашкан "Айыл Банк", "РСК Банк" жана "Керемет Банк" ААК коммерциялык банктардын филиалдык тармактарына жана өкүлчүлүктөрүнө кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий