• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Баткенде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи кенешмеси болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңеш КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарованын жетекчилиги астында өттү.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча атайын иш-планын түзүү менен ар кандай маданий-уюштуруучулук, илимий иш-чараларды, конференция, семинарларды, сынактарды уюштуруп өткөрүү, жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар коюлду. Ошондой эле мааракени жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн тийиштүү болгон шарттарды түзүү, Улуу инсандын туулган жерине өзгөчө көңүл буруу, аймактын инфраструктурасын чыңдоо жаатында активдүү иш алып баруу жагы белгиленди.

Жыйын соңунда уюштуруу комитети республикалык, облустук деңгээлде түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилди.

Мааракени 2020-жылдын күз айларында өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий