• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде ит тиштеп алган 8 жашар баланын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.18 /Кабар/. Баткен районунун Ак-Турпак айылында сегиз жашар баланы ит тиштеп алган, ал учурда Баткен облустук ооруканасында жатат.

"Баланын абалы оор деп бааланууда", - деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен. Баланын жаракаттарын алгачкы хирургиялык тазалоодон өткөрүшкөн.

Дарыгерлердин айтымына караганда, 12-октябрда болжол менен саат 15:00дөр чамасында Баткен облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө 8 жашар бала жеткирилген. Алгачкы текшерүүдөн кийин ит баланын баш жагын, моюнун жана бетин тиштегенди аныкталган. Балага алгачкы вакцина беришкен, абалы оор.

Пикир

Оставить комментарий