• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Баткен облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 29-январда саат 12:16 чамасында Баткен облусунда жер титиреген.

Жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Жер айылында 3 баллга, Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий