• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

БишкеК, 13.04.21. /Кабар/. Баткен облусунда жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 13-апрелде саат 15:32де Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Кызы-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин, Кадамжай районунун Чаувай айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий