• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ болжол менен саат 16:45тер чамасында Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Советский, Кызыл-Коргон айылдарында - 5 балл, Баткен жана Кадамжай шаарларында – 4 балл жана Кызыл-Кыя шаарында – 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий