• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Баткенде күнүнө коронавирусту аныктоо боюнча 200дөн ашык текшерүү жүргүзүлүүдө - Абдрахманов

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Баткенде күнүнө коронавирусту аныктоо боюнча 200дөн ашык лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, лабораториялык текшерүүлөр облустун санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториясында жүргүзүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин облуста 21,4 миң лабораториялык текшерүү жүргүзүлгөн.

"Бүгүнкү күнү 4 лаборант нөөмөт менен иш алып барууда. Өткөн жумада лабораториянын иши менен таанышып келдим. Пандемия башталгандан бери күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерге жергиликтүү бийлик материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп жатабыз. Азыркы учурда биздин облуста Бишкек шаарынан келген вирусолог дарыгер иштеп жатат. Өткөн жумада Россиядан келген 2 дарыгер практикалык жардам көрсөтүп кетти. Алыстан келип жардам көрсөтүп кеткен дарыгерлерге өзүмдүн атымдан жана Баткен элинин атынан ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий