• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткенде кайрымдуулук иш-чарасы өтүп, 59 балага материалдык жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Баткенде 59 балага кийим-кече жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында "Баткен Ыйман Нуру" кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадеминов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысынын орун басары сөз сүйлөп, фонд тарабынан жасалып жаткан бүгүнкү жана буга чейинки кайрымдуулук иш-аракеттери үчүн ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаевдин атынан ыраазычылык билдирип, фонддун жасап жаткан жакшылык иштерине ийгиликтерди каалады.

Кайрымдуулукка багытталган иш-чаранын алкагында Баткен районунун жана шаарынын аймагынан келген жалпы 59 балага фонд тарабынан кийим-кече жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары, балдарга Баткен облустук китепканасы тарабынан кызыктуу китептер белеке берилди.

Ошондой эле фонд тарабынан шайланган балдардын өкүл ата-энелери тарабынан да белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында жалпысынан ата-энесинен ажыраган 143 бала болсо, 4 миң 349 жарым жетим балдар бар. Ал эми "Баткен Ыйман Нуру" кайрымдуулук фонду облус аймагында бүгүнкүдөй иш-чараларын байма-бай жүргүзүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий