• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткенде калк арасында өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Баткен шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин улантууда.

ӨКМден билдиришкендей, бул жолу район, шаар аймагындагы турак үйлөрдүн тургундарына өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт кырсыктарын алдын алуу тууралуу маалымат берилди.

“Өрт айрыкча кыш мезгилинде кооптуу, ал үчүн жарандар от жагуучу мештерди жана электр плиталарын колдонууда этият мамиле жасоосу керек экендиги түшүндүрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Кооптуулук жаралган же өрт кырсыктары катталган учурда “112” же “101” телефондору боюнча Өрт-куткаруу кызматына кайрылуу керек экендиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий