• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде Калкты тейлөө борборунун иштөө мөөнөтү узартылды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардан улам Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ар кандай документтерин жоготкон жарандардын маселесин чечүү максатында КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин сунушунун негизинде, КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын буйругу менен Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун иштөө мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекеме бүгүн 18-майдан тарта эрте мененки 8:00дөн кечки саат 19:00гө чейин жарандардын документтерин кабыл алууну жүргүзүүдө.

Ошондой эле, калкты тейлөө борборуна кырдаалга байланыштуу убактылуу кошумча кызматкерлер тартылды.

Пикир

Оставить комментарий