• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин Баткен облусунда калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына төмөндөгүдөй күч-каражаттар тартылды:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 205 жеке курам, 41 атайын техника, жергиликтүү бийликтен 29 техника тартылган:

- Анын ичинен Баткен районуна 130 куткаруучу жана 19 техника, жергиликтүү бийликтен 21 техника;

- Лейлек районуна 75 куткаруучу жана 11 техника, жергиликтүү бийликтен 8 техника тартылып, ураган курулуш калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

"Жалпысынан 111 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 98 турак үй, жергиликтүү бийлик 13 турак үйдү бузуп тазалашты. Аткарылган жумуштун жалпы көлөмү 20637 м3ду түзүп, курулуш таштандылары тазаланды", - деп атылат маалыматта.

Белгилей кетсек, куралдуу кагылышуу учурунда талкаланган турак жайларга Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 640 турак үй (423 үй жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түзөөгө муктаж), 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жабыркаган, унаа өтүүчү 1 көпүрө жарылгандыгын аныкталган. Баткен районунда 318, Лейлек районунда 105 турак үй жараксыз.

Жаңжвл учурунда жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын 123 637си өз үйлөрүнө кайтып келишкен. Ал эми учурда жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган:

• Баткен району- 74 жеке жарандардын үйлөрү;

• Кадамжай району - 3 мекеме, 25 бөлмө, 33 жеке менчик үй;

• Лейлек району - 86 жеке менчик үй;

• Кызыл-Кыя шаары – 5 мекеме, 39 бөлмө;

• Баткен шаары – 25 жеке адамдардын үйү кабыл алууга даяр.

Эвакуация иштерине тартылган күч-каражаттар:

- КР ӨКМ – 595 куткаруучу, 69 техника;

- ЖК кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 техника;

Жалпы: 7863 кызматкер, 390 техника.

Пикир

Оставить комментарий