• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде катуу жааган жаандан улам 18 бодо мал агып, 7 үйдүн ичин суу каптаган - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда кечээ, 12-июлда катуу жааган жаандан улам 18 бодо мал агып, 7 үйдүн ичин суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жамгырдан улам Лейлек районунун Исфана шаарында 3 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, короолоруна сел суулары кирген. Раухана тилкесинде 18 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала айылдарында “ААжКЖ” иш мерчемдери менен курулган каналдардын жээктерин сел суулары жууп кеткен. Таза суу менен камсыз кылган таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө сел суулары кирген.

Чымген айылында жолго орнотулган 6 даана түтүкчөнү агызган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн сел тосмолорун сел суулары агызып кеткен.

Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 12-июль күнү саат 19:00 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен Кыштут айылында коктулардан келген суулар 7 турак үйдүн ичине жана короолоруна сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолдорго, арыктарга кум шагыл толтурулган жана 1 ички чарбалык көпүрөнү сел суулары жууп кеткен.

Ошондой эле Газ, Согмент айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорунун ар жерин сел суулары жууп кеткен.

Тазалоо иштерине ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 1 офицер, мониторинг департаментинен 1 адис, Лейлек райондук бөлүмүнөн 5 офицер, Лейлек райондук №74 ӨКБдан 16 куткаруучу тартылган.

12-июль күнү тактоо жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүп, 4 турак үй толук тазаланган.

Пикир

Оставить комментарий