• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде казак жана орусиялык акциздик маркалар менен элиталык ичимдиктердин сатылышы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Баткен облусунда казак жана орусиялык акциздик маркалар менен элиталык ичимдиктердин сатылышы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан “Бишкек” дүкөнүнөн элиталык алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты.

Белгилүү болгондой, дүкөндө Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын акциздик маркалары менен ар кандай аталыштагы жана идиштеги спирт ичимдиктери сатылып турган.

Жыйынтыгында жалпы суммасы 230 миң сомго ар кайсыл түрдөгү 223 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Пикир

Оставить комментарий