• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткенде ӨКМдин кызматкерлери окуучулар менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 1-июнь "Балдарды коргоо күнүнө" карата Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы көмөкчү мектеп интернатында майрамдык иш-чарасы белгиленди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара учурунда ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери балдардын коопсуздугун алдын ала коргоо максатында, жайкы эс алууда суудан сактануунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Окуучуларга белек тапшырып, каалоо тилектерин айтып келишти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий