• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны 8 кг апийим менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Баткенде 8 кг 350 грамм апийим чийки затын ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө «Тажикстан - Кыргызстан - Казакстан - Россия» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттары – апийим чийки затын ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, аын ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 25-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Х.Т.У.» аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны жалпы салмагы 8 кг 350 гр. болгон баңги заты – апийим чийки заты кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий