• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде контрабандалык жүктөрдү алып кирүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Баткенде контрабандалык жүктөрдү алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан Баткен районундагы Раззаков - Баткен - Ош унаа жолунда Т.Э.М. аттуу кыргыз жаранын башкаруусунда DAF XF 460 FT үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан Кытайда өндүрүлгөн 200 даана өлчөмүндө жер кыртыштын зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүүгө максатталган пестицид (изофенфос-метил) 300 мл 35% табылган. Товардын жалпы салмагы 1 миң 100 кг түзгөн.

Ошол эле учурда жүккө таандык бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Факт боюнча чогултулган материалдар Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий