• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунда коронавируска шектүү жана карантинге алынган учурлар жок

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20 /Кабар/. Баткен облусунда коронавирустун алдын алуу боюнча эл көп топтолгон коомдук жайлар, коомдук транспорттор дезинфекциядан өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын адистер жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин да жүргүзүүдө. Билим берүү мекемелеринде коронавирустун алдын алуу, сактануу жолдору боюнча күн сайын сабактар өтүлүп жатат.

Облустун аймагындагы беш чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттары тепловизор менен камсыздалып, медицина кызматкерлери күнү-түнү иштөөдө.

Тажикстан менен чек арадагы Кызыл-Бел, Кайрагач, Кулунду, Өзбекстан менен чек арадагы Кадамжай, Кызыл-Кыя өткөрмө бекеттери аркылуу күнүнө 4 миңге жакын жарандар кирип чыгууда. Алардын баары санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан дыкат текшерүүдөн өтүүдө. Ушул күнгө чейин дарыгерлер чек ара өткөрмө бекетинде 10 кишинин дене табы көтөрүлгөнүн аныктап, Кыргызстанга киргизбей, өз өлкөсүнө кайтарышкан. Чек ара өткөрмө бекеттеринде оорулуу адамды убактылуу кармоо үчүн изоляторлор уюштурулган.

Учурда облустун саламаттык сактоо мекемелери дезинфекциялык каражаттар менен камсыздалган. Ошондой эле биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздоо көзөмөлдө. Ушул тапта облустун саламаттык сактоо мекемелери жана дарыканаларда 110 миңден ашуун маскалар бар.

Бул илдеттин алдын алуу, ага каршы күрөшүү үчүн облустун бардык ооруканаларынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө атайын изоляторлор, бөлмөлөр даярдалып, дары-дармектер менен камсыздалып, дарыгерлерге атайын формалар алынып келинген.

Баткен облусунун аймагында коронавирустун алдын алуу боюнча облустук штаб иштеп жатат.

Белгилей кетсек, коронавирус көп катталган өлкөлөрдөн келген жарандар дыкат текшерилип, анализдери алынып, 14 күн карантинге алынат. Азыркы учурда Баткен облусунда коронавируска шектүү учур катталган жок жана карантинге алынгандар жок.

Пикир

Оставить комментарий