• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде Коргоо иштери боюнча комитеттин кызматкери каракчылыкка айыпталып кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Баткенде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери каракчылыкка айыпталып кармалды. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматка ылайык, учурда аскер бөлүгүнүн өкүлү гарнизон вахтасында көзөмөл алдында.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү болжол менен саат 19:00дөр чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында үч адам “Daewoo Tico” үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Айдоочуну курал менен коркутуп, анын эки сыналгысы менен 14 миң сомун алып кетишкен.

Ошол эле түнү ал үчөө дагы эки жолу карактоого барган. Анда жабырлануучулар 23 миң сомдук зыян тартышкан.

Белгилей кетсек, кармалган үчөөнүн бирөөсү коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери, дагы бири УКМКнын мурунку кызматкери болгону айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий