• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде коронавирус менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.09.20 /Кабар/. Баткен облусунда коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн облустук штабдын мүчөлөрү, район шаарларга чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-сентябрда өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова, Кадамжай районун активи менен жолугушуп, аталган райондо эпидкырдаал күн сайын курчуп жатканын белгилеп, абалды турукташтыруу боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Саттарова өз сөзүндө, оорунун очогу болгон айылдарда эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле район активине эл арасында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, тынымсыз рейддерди жүргүзүүнү, эскертүү жана айыппул менен эле чектелбестен, баш ийбегендерге укук коргоо органдары тарабынан мыйзам чегинде, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча иш алып барууну тапшырды.

Жыйындан соң Чынара Саттарова жарандардын кошуна мамлекеттер менен чек арада жайгашкан өткөрмө бекеттериндеги жаңы алгоритмге ылайык жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-сентябрда облуста коронавирус оорусун жуктурган 55 жаңы учур катталган болсо, анын 41и Кадамжай районунда.

Пикир

Оставить комментарий