• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде коронавирус менен ооруп калган жаран тойдо жүргөндүгү аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде, үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3000 сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле коронавирус менен ооруп калган жаран тойдо жүргөндүгү аныкталып,

коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаранга атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү.

Белгилей кетсек, 26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды.

Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айыппул салынды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий