• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде коронавирус жуктурган 39 адамдын сегизи ооруканада дарылануусун улантууда - Максутов

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда коронавирус жуктурган 39 адамдын ичинен сегизөө гана ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча коронавирус 39 адамда катталды. Алар - Баткен районунда 5, Кызыл-Кыя шаарында 14, Кадамжай районунда 14 жана Лейлей районунда 6 учур.

"Илдет жуктургандардын 31и айыкты, 8 бейтап дарыланып жатат. Коронавирус жуктурган 39 жарандын бешөө медкызматкер. Алардын үчөө айыкты, 2 медкызматкер дарыланууда", - дейт ал.

Максутов кошумчалагандай, 15-майда Баткен облсуна келген көчмө лабораториядан жалпы 3 миң 636 жаран текшерүүдөн өттү. Орто эсеп менен күнүнө 100дөй жаран анализ тапшырууда.

Белгилей кетсек, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2562 учур катталды. Алардын ичинен 495и медицина кызматкери. Илдеттен 1901 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий