• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде коронавирус жуктурган акыркы 10 учур жүк ташуучулардан аныкталган - Саттарова

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткенде коронавирус жуктурган акыркы 10 учур жүк ташуучулардан аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, облустан чет өлкөгө жүк ташуучу унаалар чыгууда.

"Алар азык-түлүк, айыл чарба продукцияларын жана курулуш каражаттарын ташып, көп каттоодо. Мындан улам алардан анализдер алынып, коронавирус инфекциясы чыгууда", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1722 учур катталды. Алардын ичинен 344ү медицина кызматкери. Илдеттен 1113 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий