• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде коронавируска каршы алдын алуу чаралары көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Учурда дүйнө коомчулугуна кооптонууну жаратып жаткан коронавируска каршы алдын алуу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарованын жетекчилиги астында, облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйында тийиштүү мекеме жетекчилери бул жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө облустун тийиштүү кызматтары коронавируска каршы күрөшүү жаатында окутууларды уюштуруп жатышат.

Адистердин айтымында, облустун чек ара өткөрүү бекеттери күнү-түнү сырттан кирген жарандарды жана азык-түлүк продукцияларын текшерүүдөн өткөрүп, көзөмөлгө алууда.

Баткен облусунун аймагында 5 санитардык карантиндик пункттар уюштурулуп иштөөдө. Аларга эпидемиолог дарыгерлер бөлүнүп, өздүк сактануучу жана медициналык каражаттар менен толук камсыз болушту. Кайрагач өткөрмө пунктунан башка 4 пункт ооруну аныктоочу тепловизор менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий