• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде коронавируска каршы вакцинаны жарандардын 37,4 пайызы алды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Баткен облусунда коронавируска каршы вакцинаны жарандардын 37,4 пайызы алды. Бул тууралуу Баткен облустук саламаттык сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы эмдөөдөн өтө турган адамдардын саны 185 миң 695ти түзөт.

“Алардын ичинен 69 миң 469у биринчи доза (37,4%), 43 миң 608и (23,5%) экинчи дозаны алды. Ошондой эле 6 миң 937 медкызматкер эмдөөдөн өттү”, - дейт ал.

Бөрүбеков Баткенде эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экендигин белгилейт.

“Учурда 31 эмдөө пункту иштеп жатат. Аны менен бирге 26 мобилдик бригада жер-жерлерге чыгууда”, - деди саламаттык сактоо тармагынын координатору.

Пикир

Оставить комментарий