• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде КРПМБА жана Ханнс Зайдель фондунун бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу өтөт

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-17-апрелинде КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун бүтүрүүчүлөрүнүн аймактык жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулуп жатат.

Алдыдагы жолугушуу КР президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын 30 жылдыгына жана Ханнс Зайдель фондунун 20 жылдыгына карата уюштурулууда.

20 жылдын аралыгында башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель фонду биргеликте 2224 стипендиатты окутуп чыгарды жана азыркы учурда көпчүлүк бүтүрүүчүлөр мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат.

Биргелешкен программанын негизинде фонд стипендиаттар менен тыгыз байланышта болот. Бүтүрүүчүлөр аймактарда микротренингдерди өткөрүүгө жана социалдык долбоорлорду, иш-чараларды уюштурууга, ошондой эле фонддун жардамы менен кесиптик билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат.

15-апрелде бүтүрүүчүлөр жана Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, ошондой эле Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Баатырбек Коргонбаев менен жолугу өткөрүшөт.

16-апрелде болсо президенттин Баткен облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ошондой эле аталган өкүлчүлүктүн аппаратынын Эл аралык байланыш, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Ибраимов менен жолугушууну көздөп жатышат.

Ал эми, 17–апрелде болсо фонддун жетекчиси, доктор Макс Георг Майер Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте Баткен шаарындагы “Нур” реабилитациялык борборуна барышып, ал жерде 24 балага социалдык жардам катары атайын кыймыл көндүмдөрүн өнүктүрүүчү буюмдарды тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий