• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде кургак учукка каршы акция өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. 24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Баткен шаарында 550 адам катышкан акция болуп өттү.

Баткен облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, акция катышуучулары колдоруна кургак учук боюнча жазылган лозунгдарды көтөрүп, шаардын борбордук көчөлөрүн аралап, жөө жүрүшкө чыгышты.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, саламатыкты сактоо кызматкерлери жана жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар катышты.

Андан соң А.Жайнаков атындагы драма театрында жаштар үчүн кургак учуктун жугуу жана алдын алуу жолдору тууралуу илимий-практикалык конференция өтүп, дарыгерлер менен жаштардын ортосунда кеңири пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, кургак учук менен Баткен облусунда 369 адам ооруган болсо анын 16сы каза тапкан.

Дарыгерлер кургак учуктан туура жана өз убагында дарылануу менен толук айыкса болоорун белгилешет. Ошондой эле өлкө аймагында бул илдет менен ооругандар акысыз дарылана алат.

Айта кетсек, буга чейин бул илдет менен жабыркагандар узак убакытка ооруканада жатып дарыланса, учурда дарылоонун жаңы ыкмалары, эл аралык стандарттарына жана талаптарына ылайык бейтаптар, амбулатордук жол менен эле дарыланса болот. Бул бейтаптардын жумушун же окуусун үзгүлтүккө учуратпоого шарт түзөт. Ал эми оорулуу адам эки жума дарылангандан соң анын оорусунун башка жарандарга жугуу коркунучу жоголот. Ал толугу менен коомго аралашып, 6 айга чейин дары ичүү жолу менен бул ооруну жеңсе болот.

Дарыгерлер акциянын жүрүшүндө жаштарды туура жана витаминдүү тамактанууга, сергек жашоого үндөп, тазалыкка чакырды.

Бул маалымат компаниясын өткөрүүгө Улуттук Кызыл жарым ай коому колдоо көргөздү.

Пикир

Оставить комментарий