• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде кутурган ит капкан баланын абалы канаатандыраарлык

Аймак 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Баткенде кутурган ит капкан баланын абалы канаатандыраарлык. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкүл Абиш Халмурзаев Баткен районунун Ак-Турпак айылында ит тиштеп ооруканага түшкөн баладан кабар алган.

Дарыгерлердин айтымында баланын абалы канаатандыраарлык. Бала өз алдынча тамактанып, басып, ойноп калган. Толук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, андан эч кандай кутурма оорусунун белгилери аныкталган эмес.

"Ветеринардык дарыгердин айтымында баланы тиштеген үч иттин бирөөсү атылган. Дагы эки ит жети күндөн бери байланып, ветеринарлардын байкоосунда. Азырынча иттерден да эч кандай кутурманын белгиси байкалган жок", - деп айтылат маалыматт.

Пикир

Оставить комментарий