• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде кыйраган үйлөр быйыл бүтчүдөй эмес – делегат

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Баткен шаарынан келген делегат Кайым Айкынов кыргыз-тажик чек арасында кыйраган үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканына токтолду.

“Баткенге эң биринчи кезекте коопсуздук керек. Коопсуздук – бул чек ара жана ага шарт түзүп берүү. Быйылкы жаңжалда 360тан ашык үй күйүп кетти. Ал үйлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Убагында кышкы чейин үйлөр бүтүп, жергиликтүүлөр үйүнө кирери айтылган. Бүгүнкү күндө үйдүн ээлери, куруучулары менен байланышсам, быйыл бүтчүдөй эмес. Бүтпөйт окшойт. Буга бирөө жооп береби. Ушуну жеке көзөмөлгө албасаңыз болбойт”, - деди ал.

Айкынов Баткенге бөлүнгөн 500 млн сомдун бир тыйыны дагы бериле электигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий