• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Кечээ, 10-мартта Баткен шаарынын Ленин атындагы орто мектебинин 9, 10, 11-класстарынын окуучуларына экстремизмдин алдын алуу, зордук-зомбулуктарды болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында чоң иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чара Баткен ШИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага Баткен ШИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, мектеп мугалимдери жана Баткен шаарынын баш имам хатиби катышты.

Жыйында өспүрүмдөргө билим алуунун зарылдыгы, убакытты туура пайдалануу жана адептүүлүк боюнча насааттар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий