• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткенде кыргыз-тажик биргелешкен ишканалары ачылат

Аймак 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Абиш Халмурзаев Тажик Республикасынын Согди облусунан келген ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тажик Республикасынан келген делегациянын курамында Согди облусунун ООО “Фортуна Ко” ишканасынын директору Дадо Очилов, Согди облусунун соода, өнөр жай башкармалыгынын башчысы Мумин Умаров жана ТРнын Согди облусунун Баткен облусундагы өкүлү Гиесиддин Каромаддиновичтер болду.

Алгач коноктор өкүл Абиш Халмурзаевге колдо жасалган баалуу белектерин эстеликке беришип, жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл, Баткен-Согди кызматташтыгынын алкагындагы ишкердикти өнүктүрүү жаатында демилгелерди колдоорун билдирди. Ошондой эле соода экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоо менен катар, биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн учурда бардык мүмкнүчүлүктөр жана шарттар бер экенин белгиледи. Тажик ишкерлери, курулуш материалдарын чыгаруучу бай тажрыйбалары бар экендигин айтып, Баткен шаарына учур талап кылган, заманбап курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачуу сунуштарын ортого салышты. Өкүл А.Халмурзаев бул үчүн кең мүмкүнчүлүктөр жана толук шарттар бар
экенин айтты.

Өндүрүш ишканаларын ачуу үчүн, Лейлек эркин экономикалык аймагында 100гектар, Баткен шаарындагы өнөр жай аймагында 187 гектар жер аянты ажыратылганын жана бул аянттарда алгачкы чакан өнөр жай ишканалары ишин баштап, учурда продукция өндүрүп жаткандыгын белгиледи.

Эки тарап, алдыда биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн, эки облустун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты. Жолугушуудан соң тажик ишкерлери Баткен шаарындагы өндүрүш ишканаларын куруу үчүн шаардык мэрия тарабынан ажыратылган өнөр жай аянтында болуп, ишканалардын иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий