• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды

Саясат 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.

Белгилесек, аталган жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефондук сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий