• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде кышка даярдык өз нугунда жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Баткенде кышка даярдык өз нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун социалдык тармактарындагы мекеме-ишканаларга жана калкына 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине жалпысынан 120 миң тонна көмүр керектелет.

2020-жылдын январь-сентябрь айларында областын аймагында 304 миң тонна көмүр казылып алынды. Жыл аягына чейин 400-450 миң тоннага чейин көмүр казып алуу божомолдонууда. Ошондуктан көмүр облусубузда жетиштүү жана көйгөй жаратпайт.

Билим берүү тармагында керектелүүчү 12,3 миң тонна көмүрдүн 6,2 миң тоннасы ташылып кампаларга киргизилди, натыйжада бекитилген тапшырма 51% аткарылды. Саламаттык сактоо тармагында жалпысынан 2,1 миң тонна көмүр керектелсе, иш жүзүндө 51 % (1,1 мин тонна) көмүр ташылды.

“Калкты көмүр менен камсыз кылууда облустун аймагында 72 стационардык көмүр сатуучу жайлар жана унаа менен айылдарды аралап сатуучу 50 мобилдик пункттар калкка кызмат көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө баардык көмүр сатуучу жайларда, көмүр 3,5 миң сомдон, 6,0 -7,0 миң сомдон сатылууда, ошондой эле Сүлүктү шаарынын ири көлөмдөгү БК маркасындагы көмүр бардык көмүр саткан жайларда бар, анын наркы 7,0 – 8,0 миң сомго чейин сатылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий