• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзгөн автомектептин филиалы жабылды

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Баткен облусунда лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзүп келген автомектептин филиалы жабылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчилиги жана Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун кызматкерлери “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте облустун аймагында жайгашкан айдоочулук курамды даярдоо жана кайра даярдоо багытында иш жүргүзгөн автомектептердин жетекчилери менен жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун улук инспектору Айбек Худаяров облустун аймагында жалпысынан 27 автомектеп; анын ичинде 5 спорттук-техникалык коргонуу уюму мекемеси (ДОСАФ), 10 кесиптик лицейи жана 12 жоопкерчилиги чектелген коом мекемелери бар экенин маалымдады.

Ошондой эле ал жыл башынан бери аталган автомектептерде лицензиялык талаптардын сакталуусу боюнча окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө текшерүүлөр жүргүзүлүп, аларды көзөмөлдөп, тиешелүү жумуштар аткарылып жаткандыгын айтып, курсанттарга айдоочулук этиканы жакшыртууга көңүл буруу керектигин жеткирди.

Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга ылайык, 3 протокол жазылып, эч кандай лицензиясы жок автомектеп ачып алгандыгы үчүн 1 автомектептин филиалы жабылды.

Жыйындын акырында окуу жайдын жетекчилерине айдоочулук курамды даярдоодо биринчи кезекте окуу жайдын материалдык-техникалык базасын лицензиялык талаптарга жооп берүүсү керектиги, курсанттардын катышуусун жогорулатуу жана окутуу усулдарын тиешелүү деңгээлде жүргүзүү керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий