• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап жүргөн киши кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Баткенде мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап жүргөн киши кармалды, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, милицияга Айдаркен шаарындагы мүрзөлөрдүн темир тосмолору белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгы боюнча маалымат түшөт.

Аталган маалымат Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, иликтөө иштери башталган. Анын натыйжасында тосмолорду уурдоого шектелип Айдаркен шаарынын 38 жаштагы А.Т. аттуу тургуну кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий