• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага өкүл Абдикарим Алимбаев жетектеген облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышты.

“Журналисттер жаңылыктын жана жакшылыктын жарчысы. Коомдо болуп жаткан ар бир окуялар, өзгөрүүлөр, сиздер аркылуу элдин калың катмарына жетет. Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу максатында, мамлекет тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө, сиздердин аракетиңиздер баалоого арзыйт”, - деп белгиледи ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө журналисттердин кесиптик майрамына карата бир катар ЖМК өкүлдөрү ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Андан сырткары, кесиптик майрамга карата облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалар тарабынан да ЖМК өкүлдөрү сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий