• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 02.11.18 /Кабар/. Баткенде бүгүн Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган чоң иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова маданият кызматкерлерин куттуктап сыйлыктарын тапшырды.

Ошондой эле бул күнү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Баткен облусунун аймагындагы жумалыгы да жыйынтыкталып, өткөрүлгөн иш-чараларга баа берилди.

Салтанаттын жүрүшүндө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын сыйлоо аземи болду.

Чынара Саттарова III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Баткен облусунун элинин каада салтын, үрп адатын, жашоо турмушун чагылдырууда активдүү катышкан ар бир катышуучуга, өзгөчө маданият кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, сыйлыктарды тапшырды.

Салтанаттын катышуучуларына Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Жамийла" повестин тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий