• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде магниттик резонанстык томография кызматы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Баткен облусунун аймагында алгач ирет магниттик резонанстык томография кызматы ачылып, кызмат көрсөтүп баштады.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул мекеме азырынча Баткенде жалгыз.

“Элдин көптөн күткөн ой тилеги ишке ашып, эми баткендиктер ашыкча каражат жана убакыт коротуп алыска барышпайт. Буга чейин бейтаптар саламаттыгын текшерүүдөн өткөрүү үчүн Баткен облусунун аймагында магниттик резонанстык томография аппаратынын жоктугунан Ош жана Бишкек шаарына же болбосо коңшу Тажикстандын аймагына барышчу. Бул көйгөйдү чечүү максатында жергиликтүү дарыгер, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Абдулаким Абдуллаев демилге көтөрүп, ишке ашырган”, - деп айтылат маалыматта.

Калкка медициналык кызмат көрсөтүү жаатында иш алып барган мекеменин ачылышына КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, шаар мэри Мамыр Тойчуев баш болгон жетекчилер жана дарыгерлер катышты.

Мекеменин ачылышынын урматына облус аймагындагы социалдык жактан муктаждыгы бар 18 жаранга акысыз кароо жүргүзүлдү.

Магниттик резонанстык томография Бишкек шаарындагы КОРТЕКС неврология борборунун филиалы болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий