• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде мамлекеттик туу күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Баткенде мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, салтанат мамлекеттик тууну колдоруна бийик көтөргөн, баштарына ак калпак кийген жаштардын жөө жүрүшү менен башталды. Баткен шаарынын негизги көчөлөрүн мекенчилдик дем менен аралаган улан-кыздар, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маңдайындагы туу күнүнө арналып уюштурулган жыйынга келип кошулушту.

Салтанаттуу жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов баш болгон бир катар жетекчилер катышып, Туу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

Алишер Абдрахманов өз сөзүндө Тууну кабыл алуу тарыхына токтолуп, мындай иш-чаралар жаштардын патриоттук сезимдерин күчөтүү менен мамлекеттик символдорубузга болгон сый урматтан кабар берерин белгиледи. Ошондой эле бардык жарандарды мамлекеттик туу жана улуттук ак калпак күнү менен куттуктады.

Чогулгандарга мектеп окуучулары тарабынан Тууну, Ак калпакты даңктаган ырлар тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий