• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде медициналык кенже тейлөөчү кызматкерлерге жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Баткенде медициналык кенже тейлөөчү кызматкерлерге жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өкүл Алишер Абдрахманов облустук ооруканада эмгектенген 41 кенже тейлөөчү кызматкерине материалдык жардам катары, резервдик фондунан 123 миң сом которду.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл, коронавирус илдети менен күрөшүүдө эмгек маянасынын аздыгына карабай,күчөтүлгөн тартипте эмгектенип жаткан кенже тейлөөчү кызматкерлердин ар бирине ыраазычылык катын жиберди.

Пикир

Оставить комментарий