• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде мектепке барбай калган өспүрүмдөр аныкталган жок – рейд

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында “Салам Мектеп” рейддик иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн рейдик иш-чарасынын жүрүшүндө мектепке тартылбай калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок.

Иш-чаранын алкагында жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мугалимдер менен биргеликте мектептерде ата-энелерге, окуучуларга жыйналыштарды өткөрүп, ар бир мектеп окуучунун жүрүм-туруму, билими көзөмөлдөнөрүн билдиришти.

Ошондой эле каттоодо турган жаш өспүрүмдөр менен жекече баарлашып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле, Кызыл-Кыя ШИИБнин жана Лейлек РИИБнин кызматкерлери зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун текшерүүгө алды.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте шаар жана район аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын жана соода түйүндөрүн, базарларды, унаа жуучу жайларды, курулуш объектилерди, сейил бактарды текшеришти. Аталган жайларда эмгектенип жаткан 12 жаш өспүрүм аныкталып, ата-энелери менен жеринде профилактикалык иштер алып барылды.

Жыйынтыгында КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, райондук балдарды коргоо комиссиясынын кароосуна 7 материал жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий