• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде мектепте чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Баткенде мектепте чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-декабрда саат 08:06 чамасында Баткен облусунун Баткен районундагы Чоң-Талаа айылында мектептен өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 11:54тө толугу менен өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий