• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда ички иштер орган кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ар бир шайлоо участкаларына бөлүнгөн кызматкерлер, ыктыярдуу элдик кошуундар элдин коопсуздугун коргоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ошондой эле COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежени жана аралыкты сактоо менен добуш берүү үчүн беткап, кол кап кийип кирүүнү эскертишүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында жалпы 215 шайлоо участкасы бар.

Пикир

Оставить комментарий