• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде милиция кызматкерлери кооптуу көлмө, каналдарга 100дөн ашык эскертмелерди илди

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Баткен райондук милиция кызматкерлеринин демилгеси менен кооптуу көлмөлөргө, сууга түшүүгө болбогон каналдарга, арыктарга эки ай аралыгында 100дөн ашуун эскертмелер, тактайчалар илинди.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдүн коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Район аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ар түрдүү оюн-зоокторду, автоунаалар менен кортеждерди уюштуруп жол жүрүүгө бөгөт коюу максатында мектеп мугалимдери ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүүдө.

Ошондой эле пандемия учурунда санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, кооптуу болгон суу топтолгон көлмөлөргө түшпөө боюнча эскертүүлөрдү милициянын көчмө кабылдамасынын үн чыгаруучу каражаты аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Жыл башынан бери Баткен районунун аймагында бир өспүрүмдүн сууга чөгүү фактысы катталды.

Пикир

Оставить комментарий