• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде милиция талкаланган турак жайларды тазалоо иштерине көмөктөшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Баткен облустук милиция кызматкерлери Тажикстандын кол салуусунан улам талкаланган турак жайларды тазалоо иштерине көмөктөшүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандар үйлөрүнө кайтып жатканына байланыштуу милиция кызматкерлери Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочуларынын үйлөрүн иретке келтирүүгө жардам берип жатышат.

Ошону менен бирге милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга укук бузууларга, чагымчыл аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө көчүп жаткан жарандардын коопсуздугу камсыздалууда.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий