• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде милиция токтоп турган автоунааны айдап качкан кишини кармады

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Баткенде "Укук, тартип" иш-чарасынын жүрүшүндө токтоп турган автоунааны айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Исфана шаарынын 36 жаштагы тургуну борбордук базарга кирип чыккыча “Ваз 2106” үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкендигин билдирген.

Бул арыз Лейлек РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси ("Автотранспорт каражаттарын айдай качуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Лейлек районунун аймагында жүрүп жаткан “Укук, тартип” иш-чарасынын алкагында унааны айдап качууга шектелип Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 39 жаштагы М.З. аттуу тургуну кармалган.

Учурда тергөө иштерине уланууда, ал эми кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий