• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткенде милиция жарандардын коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Баткен облусунда милиция кызматкерлери жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен ШИИБнин кызматкерлери жана Баткен ОИИБнын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана коопсуздугун сактоо максатында Баткен шаар аймагында топторго бөлүнүшүп, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Көчөдө жүргөн жарандарга санитардык эрежелерди сактоону талап кылышып, беткаптарды таратышууда",-деп айтылат маалыматта.

Учурда шаар аймагында жайгашкан элди тейлөөчү жайларды, паспорт столдо, банктарда жана эл топтолгон жерлерде түшүндүрүү иштерин улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий